Эркин Булекбаев кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга БШКга 4 талапкерден арыз түштү.

Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев жана Роман Ремнёв.

Эске салсак, кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт. Бул жолку кайра шайлоону өткѳрүүгө жалпы 13 208,8 миң сом бөлүнгөн.