Дастан Бекешевге Илим Карыпбеков: “Көзүңүз менен көрбөгөндөн кийин, ким, эмне жазса эле ишене бербеңиз”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге Илим Карыпбеков калаадагы тротуарлар боюнча кеңеш берди.

Дастан Бекешев мэриянын ишин сынга алып: “Шаардагы көптөгөн тротуарларды кафелер, курулуш компаниялары басып алышкан. Бул деген мэриядагы коррупциянын көрсөткүчү же болбосо кайдыгерлик”, – деп жазган.

Ага Илим Карыпбеков жооп кылып: “Дастан Далабаевич, өз көзүңүз менен көрбөгөндөн кийин, ким эмне айтып, эмне жазса эле баарына эле ишене бербеңиз”, – деп жооп берген.

WhatsApp Image 2023 03 01 at 08.44.26 Дастан Бекешевге Илим Карыпбеков: "Көзүңүз менен көрбөгөндөн кийин, ким, эмне жазса эле ишене бербеңиз"

Ал эми калаа мэри бүгүнкү маалымат жыйынында былтыр борбор калаада 15 чакырым тротуар салынганын айтты. Быйыл аны 3-4 эсеге көбөйтүү пландалууда.

«Быйыл биз жолдорго эмес, тротуараларга өтө көп көңүл бурабыз деп жатабыз. Тротуарлардын абалы начар. Былтыр 15 чакырым жасалган. Биз былтыр тротуарлар көп жасалды деп айта албайбыз», — деди ал.

Аны менен бирге ал, мындан ары тротуарлар брусчаткадан эмес асфальттан салынарын билдирди.