ИИМ депутат Дастан Бекешевге жооп берди:”Эл өкүлдөрү билдирүү жасоодо калыс жана этият болушу керек”

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «милиция шаар тургунун «подстава» кылып кармаганы» тууралуу билдирүүсү боюнча үн катып, анын айткандарын төгүндөдү.

Маалым болгондой, буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы Бишкек шаарынын М.И. аттуу тургунунун үйүнөн ок атуучу курал табылганы тууралуу маалымат тараткан (7,62 калибрдеги ТТ үлгүсүндөгү  тапанча, эки магазин жана 44 ок). Анда айтылгандай, милицияда шаар тургуну үйүндө ок атуучу курал сактап жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат болгон. Бул боюнча бир нече версия каралып, анын ичинде аталган жарандын курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы, курал уурдалган, кайрадан колго жасалган болушу мүмкүн деген божомолдор болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, аталган тапанча сыйга берилген курал болуп, быйыл январь айынын аягында бир жарандын үйүнөн белгисиз адамдар тарабынан уурдалган.

«Шаар тургунунун үйүнө белгисиз адамдар кирип, зер жана башка баалуу буюмдарды алып, андан тышкары, сейфте жаткан тапанча жана анын патрондорун уурдап кеткен. Бул фактыга байланышту «уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Уурдалган тапанча аты аталган М.И. аттуу жаран жашаган үйдөн табылган. Курал унитаздын суу агызуучу челегинде табылган», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ Дастан Бекешев тараткан чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет.

«Мындай негизсиз билдирүүлөр укук коргоо органдарынын кадыр-баркына доо кетирет. Саясатчылар, айрыкча эл өкүлдөрү билдирүү жасоодо калыс жана этият болушу керек деп эсептейбиз», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, 15-мартта ИИМ Бишкекте 32 жаштагы М.И. аттуу жарандын үйүнөн ок атуучу курал табылганы тууралуу маалымат тараткан. Аталган жаран 11-мартта кармалган. Ал мурда каракчылык үчүн соттолгону тууралуу кабарланган.

15-мартта депутат Дастан Бекешев милиция аталган жаранды «подстава» кылып кармагынан билдирип чыккан.