Оң рулдуу таксилерге 2030-жылга чейин тыюу салбоо сунушталды

Кыргызстанда “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоору 1-мартта коомдук талкууга коюлду. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев демилгелеген.

Мыйзам долбоору рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык максатта ташуу үчүн пайдаланууга тыюу салынгандыгынан улам, анын мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу максатында иштелип чыккан.

“Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамдын 56-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тартып аталган мыйзамдын 6-беренесинин 6-бөлүгү күчүнө кирет. Ага ылайык “жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга тыюу салынат”, — деп көрсөтүлгөн долбоордо.

Тыюу салуу жөнүндө ченем 3 жылдан бери күчүндө болсо да, ал иш жүзүндө аткарылган жок. Мунун бир катар объективдүү себептери бар:

— 2020-жылы коронавирус инфекциясынын жайылгандыгына байланыштуу, мыйзамдын аткарылышы актуалдуу болгон жок;

— тыюу салуу аткарылбаган учурда жоопкерчилик жок;

— жарандардын социалдык-экономикалык абалы олуттуу жакшырган жок, жана тыюу салуу өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылган жарандардын кыскарышына алып келиши мүмкүн.

“Ушуга карабастан, ИИМ жарандардын социалдык-экономикалык абалына баа бербестен, оң рулдуу автомобилдердин коммерциялык ташуу менен алектенүүсүнө тыюу салуу жөнүндө маселени көтөрүүдө. ИИМ тарабынан жүргүнчүлөрдү жеңил транспорт каражаттары менен ташуу боюнча иштерди лицензиялоо тууралуу мыйзам долбоору демилгеленген. Бирок, мындай лицензиялоо оң рулдуу автомобиль ээлеринин жекече киши, жүк ташуу менен алектенүүсүнө мүмкүндүк бербестигин жана жарандардын жумушсуздугу көбөйүп, көмүскө экономика өсүп кете тургандыгын эске алып, бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылы 11-январда четке кагылган”, — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Мыйзам долбоору четке кагылгандан кийин, ИИМ оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салууну сунуштаган. Бул түзөтүүлөр Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 3000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган, оң рулдуу унаа ээлерин жоопкерчиликке тартуу максатында иштелип чыккан.

“Жүргүнчүлөрдү оң рулдуу автомобилде коммерциялык ташууга тыюу салуу менен ИИМ жол кырсыктары боюнча абалды жакшырта албайт. Биринчиден, ээлери салык төкпөй, чегерүүлөрдү жүргүзбөй, таксомотордук компанияларда катталбастан бул автолорду жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташууга пайдаланышмакчы; экинчиден, оң рулдуу автолор жеке максаттарда пайдаланылат, ошондой эле жолдор аркылуу жарандарды ташууну уланта беришет”, — дейт Бекешев.

Ал белгилегендей, оң рулдуу автомобилдер менен коммерциялык ташууларга тыюунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу ИИМге рулу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын лицензиялоо процессине тартуу менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иштерди лицензиялоону демилгелегенге мүмкүндүк бермекчи.

Буга чейин Ички иштер министрлиги жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдаланууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койгон.