Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

      Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 1-мартында жактоочунун жардамчысы Б.А.М. кармалды.
      "Мурда, КР УКМКнын дарегине А.Б.Э аттуу жаран, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган. 
  Кармалган адам, сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган", - деп айтылат маалыматта.
  2023-жылдын 1-мартында, Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө пара катары акча алуу процессинде жактоочунун жардамчысы Б.А.М. кармалды.
  Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
WhatsApp Image 2023 03 02 at 14.21.59 Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды
WhatsApp Image 2023 03 02 at 14.21.58 1 Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды