ВИДЕО: Эдил Байсалов жол эрежесин тоготпойбу?

Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басарынын унаасы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын алдында эл өтүүчү жол менен өткөндөгү видеону күбөлөр Bulak.kg редакциясына жиберишти.

Окуя бүгүн, 2-мартта болгон.

Видеодо унаада айдоочу рулда экендиги, ал эми Байсалов салондо отурганы жана ал жол эрежесин одоно бузуп жаткандыгы тротуардагы кетип бараткан жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратты.

Жол эрежелери Министрлер кабинетине тийиштүү эмеспи деген суроо жаралат.