Лейлекте кыз-келиндер окуган медреселерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Лейлек районунун аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан “Нелегал” иш-чарасы өткөрүлүп, Раззаков шаарында жайгашкан Карима эне намазканасында Лейлек райондук жергиликтүү имам хатиби менен биргеликте кыз-келиндер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.
Диний жактан билим алып жаткан кыз-келиндер менен экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча тааныштырылды. Ошондой эле алардын шарттары, коопсуздугу көзөмөлдөнүп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында суроо-жооптор өткөрүлдү“, – деп айтылат маалыматта.

WhatsApp Image 2023 03 02 at 15.35.57 Лейлекте кыз-келиндер окуган медреселерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
WhatsApp Image 2023 03 02 at 15.35.57 1 Лейлекте кыз-келиндер окуган медреселерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү