Бишкекте чет элдикти шылдың кылган пранкер 5 500 сом айыпка жыгылды

Бишкекте чет элдик жаранды шакаба кылган жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, соттук отурум 1-мартта болгон. Сот О.А. аттуу жаранды Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 5,5 миң сом айып пул салынган.