“Чыныгы практик экен”. Мадумаров мурунку министрдин кызматтан алынганын сынга алды

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Иманалиевди кызматка дайындоого макулдук берүү боюнча талкуу жүрүп жатат.

Анда депутат Адахан Мадумаров мурдагы министр Уланбек Мамбетакунов эмне себептен кызматтан кеткенине кызыкты.

“Мындан артык эч жок. Чыныгы практик экен деген мурдагы министрди эмне үчүн кызматтан алдыңар?”,- деди депутат.

“Бул президенттин укугу жана чечими. Ага комментарий бере албайм”,- деди президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов.