Парламент Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеште экс-депутат Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги жактырылды.

Анын талапкерлигин 77 депутат колдоп берди.

Андан кийин сөздү Каныбек Иманалиев алып, депутаттардын ишеничи чоң жүк экенин айтып, ишеничти актоо үчүн жыйынтык көрсөтүшү керектигин билдирди.