Каныбек Иманалиев кинорежиссер Руслан Акун менен жолугушту

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кинорежиссер Руслан Акун менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр интернет айдыңында негативдүү, адамдын аң-сезимине терс таасир берген маалыматтар кеңири жайылып жаткан убакта терең мааниге ээ, маңыздуу тасмаларды жаратып жаткан режиссердун эмгектерин жогору бааларын айтты.

Каныбек Иманалиев “Агай” сериалын кызыгуу менен көрүп жатканын, мугалимдин басып өткөн жолун, ишмердүүлүгүн жана коомчулуктагы ордун чагылдырган мыкты тасма тартылганын белгилеп, жаратуучуларга ыраазычылык билдирди.

“Ал сериалы ушунчалык жогорку чеберчилик менен тартылыптыр. Жумуштан үйгө барып, түн уйкумду курмандыкка чалып болсо да көрүп жатам. Анткени сиз тартып жаткан тасмалар бугүнкү күндө актуалдуу. Сиздин артыңыз менен көптөгөн жаштар мугалим кесибине ээ болгусу келип, агартуучуларга болгон сый-урматы артып жатканына ишенем”, — деди Иманалиев.

Министр Руслан Акунга чыгармачылык ийгиликтерди каалап, билим берүү тармагын беделин жогорулатууда режиссер менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи.