“Жыгылып кетип, колундагы кайчы бетине сайылган”: Кайчыны дарыгерлер алып чыгышты

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында беш жашар кыздын бетине сайылып калган кайчыны дарыгерлер алып чыгышты.

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына 9-март күнү Кара-Суу районунун тургундары А.К. аттуу беш жашар кызын алып келишкен. Бейтап чукул түрдө кулак-тамак мурун бөлүмүнө жаткырылып, операциялык жардам көрсөтүлгөн.

“Кичинекей кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып, колундагы кайчы оң жак бетине сайылып, 6-7 сантиметрге кирип кеткен. Кайчы оң жак гайморит көңдөйчөсүн тешип өтүп, көз асты аркылуу баш сөөктүн негизинде жайгашкан көңдөйчөнүн сөөгүнө сайылып токтогон. Ал жерде жайгашкан чоң артерияларга тийген эмес, андай учурда баланын өмүрүнө кескин түрдө залал тийип калмак”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүүдө.

2023 03 13 19 53 49 189086 "Жыгылып кетип, колундагы кайчы бетине сайылган": Кайчыны дарыгерлер алып чыгышты

Мындай татаал операцияны кулак-тамак мурун бөлүмүнүн бөлүм башчысы Үмүтбек Пазылов жасаган.

2023 03 13 19 53 48 683218 "Жыгылып кетип, колундагы кайчы бетине сайылган": Кайчыны дарыгерлер алып чыгышты
2023 03 13 19 53 50 809166 "Жыгылып кетип, колундагы кайчы бетине сайылган": Кайчыны дарыгерлер алып чыгышты
92abc60d f720 4e18 b777 6a4181a8df45 "Жыгылып кетип, колундагы кайчы бетине сайылган": Кайчыны дарыгерлер алып чыгышты