Зиядин Жамалдинов кызматтан кетти

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ээлеген кызматынан бошотулду.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар анын кызмат абалынан аша чаап, бир топ түшүмдүү делген сугат жерлерин менчиктештирип, бир туугандарына каттатып алышканын айтышып, жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүшкөн.