Ош облусунун губернатору жана орун басары Данияр Жаныкулов кызматтан алынды

Зиядин Жамалдинов

Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.

Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.

Мамлекет башчысынын чечими менен:

– Жамалдинов Зиядин Исламович КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;
– Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду;
– Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.