Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары акча алып жаткан тасма бир жыл мурда тартылган

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловго окшош адамдын акча алып жаткан видеосун, Марат Уралиев аттуу жаран социалдык баракчасына жайгаштырган.

«Албы же ал эмесби? Данияр мырза социалдык тармактарда өзүнүн өкмөттүк кызматтагы ишинен отчет берип, арам оокатка азгырыларын ойлобопмун. Бул жагы эми кандай болуп калат?»,-деп суроо салган.

Буга Данияр Жаныбеков өзү үн катып, видео бир жыл мурун тартылганын билдирип, акча алууда эч кандай жаман нерсе болбогонун айтты.

YouTube video