“Мектеп окуучулар да бар”. Эл аралык баңги топторунун мүчөлөрү кармалып, синтетикалык баңгизат – “мефедрон” алынды

Бул туурасында УКМК маалымат таратты. Анда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2023-жылдын 27-мартында И.Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын “жашырууга” аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын окуучулары, 2005-жылдын 4-февралында туулган А.А.Б. жана 2007-жылдын 8-майында туулган А.Б.Т. кармалганы айтылат.

Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP” баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылып алынган. Бул 1 гр. заттын базар баасы 10 000 сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенджерлер аркылуу 5 000 сомдон сатышууда. Белгилей кетсек, бул табылып алынган 921 гр. баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, бул баңгизаттын “дозалап” сатылган баасы 11 857 500 сомго жетет.


Бул фактынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту “Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголгон
“, – деп айтылат маалыматта.
Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 4-апрелинде Ж.Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын 2004-жылдын 2-августунда туулган тургуну А.С.Д. кармалды.
Жогорудагы кармалгандар КР УКМК тергөө абагына киргизилди.


Бүгүнкү күндө синтетикалык баңги каражаттарынын жаңы түрлөрүнүн динамикалык түзүлүшү жана пайда болушу, ошондой эле байланыштын коопсуз ыкмаларынын (Интернет мессенджерлери, социалдык тармактар) пайда болушунан улам, баңгизаттарды жайылтууну жана сатууну уюштурууга белгилүү акчалай сыйлыкты убада кылуу менен көбүнчө студенттерди жана мектеп жашындагы балдарды тартышууда.
Буга байланыштуу КР УКМК ата-энелерди балдарына камкордук кылууга, алардын убакыт өткөрүүсүн жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.
КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз.
Учурда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.


УКМК жарандарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы бар ушуга окшош фактылар болсо билдирип коюууга чакырат, анонимдүүлүк сакталат.
Мындан тышкары, мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды өз ыктыяры менен кызматташууга келсе, улуттук коопсуздук органдары максималдуу түрдө мыйзам чегинде коргоону жана жардамды камсыздайт. Нөөмөт телефон номери 0312-66-04-75; 0312-62-65-04.

92fc69e2 0f7f 4415 9441 68e0df5f0f3c "Мектеп окуучулар да бар". Эл аралык баңги топторунун мүчөлөрү кармалып, синтетикалык баңгизат – “мефедрон” алынды
8557e856 b765 4dad 8745 c48b54aa60d2 "Мектеп окуучулар да бар". Эл аралык баңги топторунун мүчөлөрү кармалып, синтетикалык баңгизат – “мефедрон” алынды
9c6acc41 7a17 4745 a0fc 45df164a66ff "Мектеп окуучулар да бар". Эл аралык баңги топторунун мүчөлөрү кармалып, синтетикалык баңгизат – “мефедрон” алынды
0d72325b fe7d 498c bb8d aa0d09287a48 "Мектеп окуучулар да бар". Эл аралык баңги топторунун мүчөлөрү кармалып, синтетикалык баңгизат – “мефедрон” алынды
765ab2e2 a0f4 4f55 9a4a 715cb7a5e8a3 "Мектеп окуучулар да бар". Эл аралык баңги топторунун мүчөлөрү кармалып, синтетикалык баңгизат – “мефедрон” алынды