Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Джантаев Эльчибек Нуржадыевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бул кызматты аркалаган, Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду.