Данияр Жаныкулов: “Зиядин Жамалдиновдун мыйзамсыз иштерин ачыктайм”

Кызматтан алынган Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зиядин Жамалдиновдун мыйзамсыз кылган иштерин ачыктай тургандыгын билдирди. Буга чейин Жаныкуловдун соцтармактарда видеосу тараган.

Бул тууралуу Данияр Жаныбеков өзү үн катып, видео бир жыл мурун тартылганын билдирип, акча алууда эч кандай жаман нерсе болбогонун айтты. Анын айтымында  ооруканада жаткан учурунда сурап келе албай калгандыгы үчүн «чай ичип кой»,-деп берген акча болчу.

«Былтыр бутумдан операция болуп ооруканага жатып чыккам. Биринчи кирген адам Керим Макеев деген байкебиз. “Абалыңды сурап бара албадым, ушул акчага чай ичип кой” деп, анан бир жумуш дайындаган, бир маселе болуп жатат жардам бер деп. Колдон келишинче аракет кылам дегем. Коррупциялык элемент же башка маселе жок.

Кара-Суунун акимине элден келген арыздарды бергем. Андай кайрылууларды минтип конверттерге салып жөнөтүшөт.

Маалымат катчыга карматкан акча боюнча. Ош облусун өнүктүрүү боюнча 15 мүнөттүк ролик тартуу үчүн жеке компанияларды жалдап 2000 долларга сүйлөшкөнбүз. Сомго которгондо 140 миң болот экен, ошонун 100 миң сомун берип жаткам»,-дейт Жаныбеков.

Белгилей кетсек, облустун буга чейинки башчысы Зиядин Жамалдинов баштаган бир катар жетекчилер кызматтан бошотулду. Буга алардын функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы себеп болгон.

69f0f0b2 dadf 4fee b260 d357ae0cea84 Данияр Жаныкулов: "Зиядин Жамалдиновдун мыйзамсыз иштерин ачыктайм"