Жамалдинов: “Жусупбек Коргонбай уулу кадр боюнча маселесин чечип берген эмесмин”

Бүгүн, 9-мартта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ЖК депутаттары тарабынан айтылган сын жана суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, өз дараегине айтылган айрым сындар негизсиз.

«Мен депутаттарды сыйлайм, алар эл тарабынан шайланган. Балким кээ бир эл өкүлүнүн суранычын аткарбай койсом керек. Ачыгын айтайын, депутат Жусупбек Коргонбай уулу кадр маселеси боюнча кайрылган. Бирок мен чечип берген эмесмин»,-деди Жамалдинов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече депутаты президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтып чыгышкан.

Алардын бири Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат районунда Абшыр-Ата эс алуу жайындагы Токой чарбасына караштуу жерди үйү менен кошо 2021-жылы өзүнүн бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго каттатып алганын айткан.