ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 14-апрелден 18-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),207-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 72-107-чакырымдарында;
Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 165-177-чакырымдарында (Талдык ашуусу), 218-224-чакырымдарында (Тоң-Мурун ашуусу);
Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 192-211-чакырымдарында.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.