Оштун облус башчысы  Джантаев Элчибектин эмгек жолу

Бүгүн, 14-апрелде президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Джантаев Элчибек Нуржадыевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ал эми ага чейин бул кызматты аркалаган, Зиядин Жамалдиновдун ээлеген кызматынан бошотулганы бүгүн кабарланган.

Жаңы дайындалган президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эмгек жамаатка тааныштырды.

Жаңы дайындалган облус башчы 1973-жыл, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында төрөлгөн.

Эмгек жолу:

  • 2002-2003-жылдары статист-экономист, Ак-Чий айыл өкмөтү;
  • 2003-2009-жылдары жооптуу катчы, Ак-Чий айыл өкмөтү;
  • 2009-2012-жылдары Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 2013-2014-жылдары Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2014-2018-жылдары Ак-Суу районун акиминин орун басары;
  • 2018-2020- жылдары Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
  • 2020-жылдын июнь айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
  • 2020-жылдын ноябрь айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • 2021-жылдын май айынан тарта Айыл чарба, суу жана Токой чарба министрлигинин аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору;
  • 2021-жылы Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.