Депутат Балбак Түлөбаев  министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ишин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев  министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ишин сынга алды. Бул маселени 22-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү.

Түлөбаевдин айтымында, быйыл күзүндө парламент министрлер кабинетинин ишин карап, баа берет. 

«Акылбек Үсөнбековичтин айыл чарба тармагындагы реформаларына, деги эле реформаларына кандай баа берсе болот? Эки жылдан бери эч кандай жылыш болгон жок. Ошондуктан, күзүндө баарын көрөбүз, интернетте бардыгы жазылган. Баарын угуп отурабыз. Иштейм десе иштесин, иретке келтирсин, эгер иштебесе ишин токтотуп, эч кимди кыйнабасын», – деди депутат.

Акыркы бир айда министрлер кабинетинин жана анын жетекчиси Акылбек Жапаровдун иши парламентте экинчи жолу сынга алынууда. Буга чейин оппозициялык депутат Адахан Мадумаров министрлер кабинетин отставкага кетирүү сунушун айтып, сын айткан.