Тамчыдагы миллион сомго салынган аялдама алынды

«Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайына салынган аялдама алынды.

Буга чейин Башкы прокуратура Тамчыдагы эки аялдаманын курулушу боюнча эки аткаминер кармалганын кабарлаган. Каражат Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барып, курулуш баштала электе эле жалданма компанияга 844,1 миң сом которгон. Анда курулуштун сапаты келишимге ылайык кабыл алынбаганы да аныкталган.

Райондук прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү камакка алган.