Акылбек Жапаров: «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоо токтоду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоо токтотулганын кабарлады. Бул тууралуу ал бүгүн,24-ноябрдагы жыйынында депутат Кундузбек Сулаймановдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Биз «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоого 3 млрд 400 млн сом караштырганбыз. Он чакты долбоордун үстүндө иштеп жаткан.

Бүгүнкү күнү Теңгиз мырзанын (Теңгиз Бөлтүрүк) кылмыш иштери козголуп, кармалганы үчүн биз финансылык каржылоону токтоттук. Акчанын баарын бюджетке алып жатабыз» , — деди Акылбек Жапаров.