Активист БУУнун кеңсесинин алдына пикетке чыкты

Активист Өндүрүш Токтонасыров журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы тууралуу нааразы пикирин билдирип, Бишкектеги БУУнун кеңсесинин алдына пикетке чыкты.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.

Сот чечими окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишкен. Малыматтар боюнча Темировду «Манас» Эл аралык аба майданына алып барып, Орусияга учакка салышкан. Учурда ал Москвада.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.