Жапаров: “Аткаминерлер кварталдык сыйлыктарынан ажыратылды”

2023-жылга айлык акыны жогорулатуу пландалган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин үстөк акыларын кыскартуу каралууда.

«Мамлекеттик кызматкерлерге айлык акыдан тышкары кварталдын жыйынтыгы боюнча 4 сыйлык берилди. Аткаминерлердин айлыгы жогорулаганга чейин үстөк акы алардын айлыгын жогорулатуунун бир жолу болгон. Алар бонусту айлык катары карашты. Негизи сыйлык жакшы иштегени үчүн гана берилет. Эми мамлекеттик кызматкерлерге жылына 12 маяна, 13-айлык жана эки айлыктын өлчөмүндө эмгек өргүүсү төлөнөт», – деди Акылбек Жапаров.