Ак үйдүн тегерегин оңдоо иштери жүрүп жатат

Ак үйдү курчоо үчүн курулган тосмонун пайдубалы алынып, тегерегин оңдоо иштери жүрүп жатат.

img 20220326 wa0640 Ак үйдүн тегерегин оңдоо иштери жүрүп жатат

Маалым болгондой, Ак үйдүн алдындагы тротуарларга жаңы брусчатка төшөлүп, кошумча түнкү жарык жана көрк берүүчү лампалар илинет.

Оңдоо иштери бир аптага созулат.

Жеринде “Бишкек жашыл чарба”, «Тазалык» муниципалдык ишканасы жана «Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери иш алып барууда.

img 20220326 wa0641 Ак үйдүн тегерегин оңдоо иштери жүрүп жатат