Чүй менен Бишкекте катуу шамал болот

Чүй менен Бишкекте катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында 1 сааттын ичинде жана күндүн экинчи жарымында катуу шамал болушу мүмкүн.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.