Абактагы Жээнбеков, Дүйшөбаев, Молдокматов кайрылуу жолдоду

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жеңиш Молдокматов материалдар менен тааныша албай жатканын айтып, кайрылуу жолдошту.

Алардын айтымында, прокуратура кызматкерлери “жашыруун сырды” негиз кылып иштин материалдарын толук бербей жатат.

“Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 253-беренесине ылайык, тергөө аяктагандан кийин бардык материалдар менен, анын ичинде жашыруун сырды түзгөн материалдар менен дагы айыпталуучуну толук тааныштырат. Бул учурда «жашыруун сырды камтыйт» деген материалдардан көчүрмө алууга жана жазып алууга укуктуубуз. Тилекке каршы, бул иш боюнча бизге сыр болгон жана болбогон дагы материалдардын көчүрмөлөрүн алууга тыюу салышты. Ал эми жашыруун деген документтерди конверттерге салып, аларды жада калса, ачтырбай жатат. Жыйынтыгында биз иш менен толук таанышкан жокпуз”, — деп айтылат кайрылууда.

367493383 6761199750598629 7079888775890818593 n 764x1024 1 Абактагы Жээнбеков, Дүйшөбаев, Молдокматов кайрылуу жолдоду