УТРК менен Би-Би-Синин чыры: Дүкөндү жарнамалаган ролик журналисттик этиканы бузду

Жаңы жылдын алдынды диктор Чынара Капарова жана «Ала-Тоо 24»каналынын журналисти Расул Багышбаев “Эрнис костьюмс” аталышындагы дүкөндү жарнамалаган ролиги чыгаар замат BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонушуп, журналисттик этиканы бузду деп сынга кабылышты.

ПолитКлиника медиасы «BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонулушу жарнама этикасын бузган», деген темада фактчекинг кылып материал чыгарды. “ПолитКлиника” костюмдардын жарнамасында кайсы этикалык нормалар бузулганын текшерип көрдү. 

BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонулушу жарнама этикасын бузган (Фактчекинг)

https://pk.kg/news/inner/bbc-kyrgyz-kyzmatynyn-logosu-zhana-muzykasynyn-koldonulushu-zharnama-etikasyn-buzgan-faktcheking/embed/#?secret=JXTq1tmfOl

Анда  BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасы колдонулган жарнамада журналистиканын жана жарнаманын этикалык кодекстери бузулганы чындык, деген жыйынтык чыгарылган.

Айбек Турдалиев аттуу Твиттер колдонуучусу УТРКнын журналисттери Би-Би-Си Кыргыз кызматынын логосун колдонуу менен жарнама жасап, этиканы бузганын билдирген. 

“Эмне үчүн КТРдин журналисттери ⁦BBC Kyrgyz⁩ кызматынын атын жамынып, болбогон бир рекламага пайдаланышты? Буларда этика, принцип деген түшүнүктөр жашайбы?”, – деди Турдалиев.

Meka Ainykeeva деген фейсбук колдонуучу дагы “Манас” орденин алган Чынара Капарова менен ”Ала-Тоо 24” каналынын жүзү болуп калган Расул Багышбаев көз карандысыз медиалар эч кандай реклама менен иштешперин билишпейт беле, деген пикирин жазып чыкты.

Кыскасы, мына ушундай пикирлер арбын жазылып, УТРКнын журналисттери BBC Кыргыз кызматынын логосун колдонуу менен жарнама жасап, этиканы бузганын баса белгилешкен.

Чынара Капарова мындай катачылыкка неге жол берди, УТРКнын журналисттери чындап эле этиканы бузганын туйган жокпу деген ой менен Чынара Капарованын өзүнө байланыштык.

«Биз бир дүкөндүн рекламасына тартылганбыз. Роликке тартылып коюп эле кетип калганбыз. Дүкөн өзү BBC кыргыз кызматынын логосу менен музыкасын пайдаланыптыр. Күнөө бизде эмес, күнөө дүкөндө. Дооматты дүкөнгө коюшса жакшы болмок. Ага болбой эле ролик чыкканы этиканы одоно бузду деп бизди сындап жатып калышты. Чынында аталган дүкөн ал катачылыгы үчүн BBCиден кечирим сураптыр», — деди Капарова.

BBCинин кыргыз кызматы болсо BBC Кыргыз кызматынын логотибин, музыкасынан үзүндү одоно эреже бузуу менен пайдаланган, деп жазып чыкты.

«BBC коммерциялык максатта мындай мазмундагы жарыяларга аралашпайт. Айрым интернет колдонуучулардын «BBC ушундай жарнамаларды чыгарып калганбы?» деген суроолоруна эч кандай негиз жок», — деп жазышты.

Аталган дүкөн бардык баракчаларындагы видеоматериалды толук өчүрөт жана уруксатсыз, өз алдынча эле колдонгону тууралуу маалымат жарыяларын, дүкөндүн ээси кечирим сурап BBCге кайрылганын жазып чыгышты.