“Бекер ала кетели”: Бишкекте Акжолтой Тукунов акция баштады

Бишкекте «суукта үшүп, жол тосуп турган жүргүнчүлөрдү бекер ала кетели» деген чакырык менен айдоочулар арасында кайрымдуулук акциясы башталды. Бул демилгени Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Акжолтой Тукунов баштады.

Бул боюнча ал Фейсбуктагы баракчасына видео жүктөдү.

Анда ал суукта жол тоскон жүргүнчүлөрдү унаасына салып бара жатканын айтып, айрым жүргүнчүлөрдөн пикирин да укту. Ошону менен бирге бардык айдоочуларды жол тосуп тургандарды акысыз ала кетүүгө үндөдү.