“Ким кайсы жерде болсо, ошол жерге отура калышкан”: Оштогу окуя боюнча мэрия үн катты

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары чиновниктердин аялга болгон сыйлабас мамилесине нааразы болушту. Анда аял жерде бутун бүгүп отурганын көрүүгө болот.

Сүрөттөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновду, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновду, вице-мэрлер Марс Исаев менен Сонунбек Жунусбаевди көрсө болот.

Бул боюнча Ош мэриясы комментарий берип, сүрөт Нооруз күнү тартылганын белгилешти.

«Сүмөлөктү ачуу учурунда куран окулган. Ким кайсы жерде болсо, ошол жерге отура калышкан. Бул расмий иш-чара болуп, анан айымга орун бербей койсо бир жөн эле. Куран окулуп жатканда тартылган сүрөт», — деп түүшүдүрүштү мэриядан.

Фейсбук колдонуучу Рыскүл Акимжанова бул окуя боюнча өз оюн билдирди:

“Ушул сүрөттү коюп алып, «аялды жерге отургузуп, мына биздин чоңдор, бла-бла-бла» деп, эркектерди урушуп жатып калышыптыр.

Бирок, калыстык үчүн айтып коюш керек.

Бир жыйын же жолугушуу учуру окшойт. Баамдасаңар, куран окулуп жаткандай. Куран окулганда бардык эле киши туруп турган жеринен отура калат. Куран окула баштаганда тиги айым деле басып келе жаткан жеринен отура калгандай. Ушул учур сүрөткө түшүп калган. Бирөөлөрдү ушул сүрөт үчүн жерден алып, көргө салгыдай деле окуя эмес экен.

Ушул сүрөттүн мисалында “вырвано из контекста” деген кандай экенин түшүнсөк болот. Жалпы ситуацияны билбей туруп же атайылап ыңгайлуу сөздү, сүрөттү, абалды сууруп алып, аны көбүртүп-жабыртып, каршылашына карата жаманатты кылып колдонуп, ажылдаганда “контексттен үзүп алынган” деп коет”, – деп жазган ал.