18ге толо элек кызга нике кыйылган иш боюнча 5 кишиге айып тагылды

Кочкор райондук соту 18ге толбой турмушка чыккан кыздын туугандарына каршы козголгон иш боюнча өкүм чыгарды.

Кылмыш ишинин алкагында 5 кишиге айып тагылган: кыздын күйөөсү, анын ата-энеси, кыздын апасы жана нике кыйган молдо.

Соттун жүрүшүндө кыздын апасынын айтымында, 16 жаштагы кызынын турмушка чыгуусуна каршы болгон. Бирок кыз ата-энесин суицид менен коркуткандыктан макулдук беришкен.

Жигиттин ата-энеси кыздын жашын сурабай эле салт менен нике кыйып койгонун белгилешти.