Мектептерде акча чогулткандарга айып пул салуу сунушталууда

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде акча чогулткандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Анда «Билим берүү жөнүндө» жана укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилет. Мыйзам долбоору билим берүү уюмдарынын окуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн иштелип чыккандыгы белгиленет. 

Долбоорго ылайык төмөнкү учурларга жаза каралат: 

— жалпыга жеткиликтүү жана акысыз билим алуу укугун бузуу же чектөө,

— Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезек системасына келгенден кийин баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу,

— Мектеп жашына жеткен 6-7 жаштагы баланы мектепке электрондук каттоо системасында биринчи класска кабыл алууга келгенден кийин жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу,

— Жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилери жана педагогдору тарабынан, анын ичинде коомдук фонддор жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же алар тарабынан окуп жаткандарга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү.