Журналист: Өкмөт «5-каналга» акча бөлүүнү токтотту

Бул тууралуу аталган каналдын журналисти Жазгүл Мадинова өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Акыры өкмөт ”5-каналды” каржылоону токтотту. Бул дегендик 25 жылдык тарыхы бар чоң телеканалдардын бири жабылууда деген сөз. Эгер каналды жабуу менен мамлекеттин акчасын үнөмдөйбүз деген ой-тилектер болсо жол болсун. Мамлекет байып кетсе биз аны кубануу менен кабыл алабыз. Бирок, тилеке каршы күн-түн маалымат талаасында жүрүп, бал чогулткан аарыдай эмгектенген чыгармачыл жамааттын эмгеги акталбай калганы өкүндүрөт.

Керим Айдаров агайдын “Бешинчиде бешөө”, Азамат Кыязов агайдын “Беш собол” берүүлөрү, күндүн эң актуалдуу темалары чагылдырылган «Жаңылыктар”, “Апта сереп” маалыматтык-аналитикалык программалары, “Учурда”, “Шаардыктар” жана башка маданий, спорттук, таңкы жана кечки берүүлөр эл назарына чыгып турганы жакшы эмес беле. Эми булар тарых»,-деп жазды.

izobrazhenie 2023 03 30 142046783 1024x578 1 Журналист: Өкмөт «5-каналга» акча бөлүүнү токтотту

Буга байланыштуу соцтармактарда ар кандай пикирлер айтылууда:

951dee01 ebb6 4492 a966 4d3db98fd22c Журналист: Өкмөт «5-каналга» акча бөлүүнү токтотту