ӨКМ: 1-3-апрелде өлкөдө үшүк жүрөт

Кыргызстанда 1-3-апрелде айрым облустарда үшүк жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 1-3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Ошондой эле, 2-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

«Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет», — деп билдирет министрлик.