Казакстанда оор кырдаалдарга кабылып, документтерин жоготкон аял мекенине кайтарылды

Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу жана «Жаш Муун» диаспорасынын өкүлдөрү 1967-жылы туулган М.К.Ш. (аял киши) аттуу жаранга Кыргызстанга кайтып келүүгө көмөк көрсөтүштү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул жаран 2003-жылдан бери Казакстанда жашап жүргөн. Турмуштагы оор кырдаалдарга кабылып, аты-жөнүн тастыктаган документтери да болгон эмес.

Ошондой эле 2008-жылы төрөлгөн кыз дагы Кыргызстанга жеткирилди.