“Кулчулукка сатылып кеткен”. Алданган кыргызстандык кыз мекенине кайтарылды

 Россиянын Москва шаарына барып, бирок алданып калганын билген Э.Э. (кыз киши) Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликке 13-июнда кайрылган Э. у Т. бир тууганын кайрадан өлкөгө алып келүүгө көмөк сураган. Ушул эле күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тиешелүү иштерди аткарып, Э.Э. кечки аба каттамы менен учуп келди, деп айтылат расмий маалыматта.

Кызга жакшы айлык төлөнүүчү жумуш убада кылынган. Бирок ошол жерден паспортун алып, сабап, мажбурлап иштетип, акчасын төлөбөй коюшкан. Кызга Зелена аттуу айым жумушка орноштурам деп алдаган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы бул факты Бишкек ШИИБдин ЖКККББга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

2023-жылдын 13-июнунда Э.Т.нын арызы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына аймактык өзгөчөлүгү боюнча кароого берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.