Ош: Кара-Сууда 60 орунга эсептелинген бала бакча ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Талдык айылындагы бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы башталган.

«Бала бакча эки кабаттуу имарат болуп долбоорлонгон. Жалпы аянты 828,8 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектинин кубаттуулугу 60 орунга эсептелген. Долбоорго ылайык бала бакчада балдар үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган төмөндөгү шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары гимнастика менен машыгуу үчүн бөлмө, музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет каралган», — деп айтылат маبлыматта.

Кошумчалангандай, бүгүнкү күндө бала бакчанын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулары орнотулду.

bala 1024x451 1 Ош: Кара-Сууда 60 орунга эсептелинген бала бакча ачылды