Жаныбеков: Кыргызстан суулардын 42%ын Казакстанга берүүгө, ал эми 58%ын өзүнө калтырууга милдеттенген

“1985-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда Чүй облусунун суу ресурстарын биргелешип пайдалануу келишимине кол коюлган”,- деп билдирди бүгүн, 14-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

Ал белгилегендей, Кыргызстан суулардын 42%ын Казакстанга берүүгө, ал эми 58%ын өзүнө калтырууга милдеттенген.

“Аны аткарууга аракет кылышыбыз керек. Бирок биз биринчи кезекте өзүбүздүн кызыкчылыкты, кыргызстандык дыйкандардын кызыкчылыгын сактап жатабыз”, – деди ал.

Быйыл Казакстанга суу агып жатабы деген суроого ал терс жооп берди.

Эскерте кетсек, жайдын башынан бери Бишкектин тургундарына суу жетпей, Чүй облусунун дыйкандары дагы эртерээк көйгөйгө кабылышкан. Айыл чарба министрлигине караштуу суу чарба кызматы бул суунун аз болушуна байланыштуу болгондун билдиришкен.