Айдоочулар митингге чыкты

Бүгүн, 21-февралда Бишкектин Горький атындагы эс алуу багына айдоочулар нааразычылык акцияга чыгышты. Нааразылык акциясы оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салууга каршы өткөрүлүүдө.

Алар мамлекет тарабынан айдоочуларга шарттар түзүлбөй жатканын айтышууда.

“Яндексте он миң айдоочу бар экен. Алардын баары ошол компанияга салым кошуп жатышат. Биз ата мекендик компанияларды колдошубуз керек, болбосо инвесторлорду издешибиз керек”, – дейт митингдин катышуучулары.

Эртай Искаков оң рулдуу унааларды айдоого тыюу салган мыйзамга каршы экенин билдирди. ЖКдан өтпөй калган мыйзамды кайра ИИМ алып чыгып, оң рулдуу унааларды такси кызматына колдонбоо керектигин айтууда.

“Маршруткаларга, таксилерге 3-4-миң турган аппаратты койгула” деп мажбурлап жатат дейт ал.