Бишкекте жылынуучу түйүндөр ачылды

Абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу борбор калаанын жарандары жана коноктору үчүн жылына турчу жайлар ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, жылынуучу жайларда от менен ысык чай бар.

Даректери:
— Раззакова жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде;

— №5 кичи райондо 1/1 үйдүн жанында, Юнусалиева менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
— №12 кичирайондо, Маданият үйүнүн жанында;
— Тунгуч кичи районунда, Глобус супермаркетинин жанында.
— «Октябрь» кинотеатрынын жанында (батыш тарабы);
— «Манас» кинотеатрынын жанында;
— Чүй проспектиси № 315 дареги боюнча Ленин акимиатынын түштүк-батыш тарабы.
— Восток-5 кичи районундагы кичи арбат аялдамасында;
— Бельская көчөсүндөгү «Красная строитель» конушунун паркында (№4 автобустун токтой турчу жайы);
-Ошондой эле Дордой базарындагы Чыгыш автобекетинин жана Азия соода үйүнүн ичинде.

Жылынуу түйүндөрүн КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы борбордун мэриясы менен биргеликте уюштурат. Жалпысынан шаардын айланасына 10 чатыр тигилет. Ар бир пунктта ӨКМ кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.