BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонулушу жарнама этикасын бузган (Фактчекинг)

10-январда Айбек Турдалиев аттуу Твиттер колдонуучусу УТРКнын журналисттери Би-Би-Си Кыргыз кызматынын логосун колдонуу менен жарнама жасап, этиканы бузганын билдирген. 

Эмне үчүн КТРдин журналисттери ⁦BBC Kyrgyz⁩ кызматынын атын жамынып, болбогон бир рекламага пайдаланышты? Буларда этика, принцип деген түшүнүктөр жашайбы?”, – деп жазган Турдалиев.

BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонулушу жарнама этикасын бузган (Фактчекинг)

Башка социалдык тармактардын колдонуучулары да журналисттик этика одоно бузулганын айтып чыгышкан.

“ПолитКлиника” медиасы костюмдардын жарнамасында кайсы этикалык нормалар бузулганын текшерип көрдү. 

BBC же BBS?

10-январь күнү социалдык тармактарда Бишкектеги костюм саткан дүкөндүн жарнамасы пайда болгон. Жарнамада журналисттер Чынара Капарова менен Расул Багышбаев борбор калаанын тургундарын сапаттуу кийим алууга чакырып, акция жүрүп жатканын маалымдашкан. 

Жарнама интернет тармагына пайда болгондо нааразычылыктарды жарата баштаган. Анткени жарнама Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жаңылыктар берүүсүнүн стилинде жасалып, музыкасы колдонулган.

BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонулушу жарнама этикасын бузган (Фактчекинг)

(BBC Кыргыз кызматынын журналисти Акчолпон Койчиеванын сүрөтү агенттиктин Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Жарнамада BBC NEWS Кыргыз кызматы жазуусу гана BBS NEWS Кыргыз кызматы деп өзгөртүлгөн. 

Жарнамага Кыргызстандагы белгилүү журналисттер катышып жаткандыктан, Кыргызстандын журналисттеринмн этикалык кодексинин 23-беренеси бузулган.

23-беренеде журналисттер кесиптештерине залака келтирбөөсү абзел экени белгиленген.

– Журналист өз кесиптештерине залака келтирбей, алардын абийирин жана ар-намысын урматташы абзел. Кесиптик тилектештик алкагында журналист кесибинин, чынчыл атаандаштыктын, сөз жана маалымат эркиндигинин кызыкчылыгы үчүн күч үрөөгө тийиш. (23-берене) 

Белгилей кетсек, Чынара Капарова УТРКнын жаңылыктар кызматында 25 жылдан ашуун убакыт иштеген. Ал эми диктор Расул Багышбаев да УТРКнын “Ала-Тоо 24” каналында иштеп келет. 

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 10-январь күнү билдирүү таратып, костюм менен байланышкан жарнаманын мекемеге тиешеси жок экенин билдиришкен. 

BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонулушу жарнама этикасын бузган (Фактчекинг)

Айрым интернет колдонуучулардын “Би-Би-Си ушундай жарнамаларды чыгарып калганбы?” деген суроолоруна эч кандай негиз жок. Аталган дүкөн бардык платформаларында жана өнөктөштөрүнүн баракчаларындагы видеоматериалды толук өчүрөт жана уруксатсыз, өз алдынча эле колдонгону тууралуу маалымат жарыялайт”, – деген билдирүү жасалган. 

Башкача айтканда, кээ бир интернет колдонуучулары, BBSдеги бир тамганын өзгөртүлгөнүнө карабастан жарнаманы Би-Би-Си Кыргыз кызматынын материалы сыяктуу кабыл алышкан. 

Бул өз учурунда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарына каршы келет. 

BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонулушу жарнама этикасын бузган (Фактчекинг)

Анткени “Жарнама жөнүндөгү” мыйзамдын 6-беренесинде адаштырууга алып келген жарнамаларды жасоого жол берилбей турганы белгиленген. 

Жарнамадагы плагиат жана бренд имитаторлор 

Жарнамалардагы плагиат же башка бир авторитеттүү компаниянын атын колдонуу дүйнөлүк практикада көп колдонулган көрүнүш. Илимий тилде бул термин “бренд имитаторлор” деп аталган.

Бренд имитаторлор – авторитеттүү бир компаниянын атын колдонуу менен өз продуктыларын активдүү сатууну көздөшөт. Мисалы, Урал юридикалык институтунун изилдөөчүлөрү билдиргендей, Орусиядагы “Алёнка” шоколадынын Алёша, Алина, Олена деген бир канча имитаторлору бар. Бренд имитаторлору жарнамаларда жана компаниянын атын коюуда манипуляциянын лексикалык, фонетикалык жана морфологиялык түрлөрүн колдонушат. Мисалы “Аdidas” брендинин  дүйнө жүзү боюнча Adidos, Adadis, Abibas, Adimas, Adasdas, Adinais, Kanidas, Adiclas деген сыяктуу көптөгөн түрлөрү бар. 

Мындан сырткары, кээ бир учурда жарнамаларда бир компаниянын продуктысына абдан окшош болгон башка жарнамалар чыгат.

BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонулушу жарнама этикасын бузган (Фактчекинг)
BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасынын колдонулушу жарнама этикасын бузган (Фактчекинг)

Жарнамадагы плагиат үчүн компаниялар көп жылдар бою соттошкон учурлар да кездешет. 

Жыйынытык:  BBC Кыргыз кызматынын логосу жана музыкасы колдонулган жарнамада журналистиканын жана жарнаманын этикалык кодекстери бузулганы чындык.

Булак: PK.kg