Кара-Сууда айыл өкмөттүн башчысы кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, айыл башчынын 34 жаштагы М.Б. аттуу орун басары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомду жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң доллар талап кылган. Ал 11-январда талып кылган акчанын бир бөлүгүн — 86 миң сомду алып жаткан учурда кармалган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тергөө жүрүп жатат.

1565961e49fbdf1b5343aa69da7d42cd756bea4 Кара-Сууда айыл өкмөттүн башчысы кармалды