Берлинде «Кыргыз үйү» маданий борбору ачылды

Бул тууралуу элчи Өмүрбек Текебаев өзүнүн жеке баракчасында жакшы саамалык менен бөлүштү.

“Акыркы 30 жылда ар кандай себептерден улам Кыргызстандын калкынын 15%ынан кем эмес бөлүгү чет өлкөгө кетишти. Негизги себеп – экономика.

Кыргызстандын миграция боюнча мамлекеттик, улуттук доктринасы менимче мындай болуш керек:

Ар бир кыргыз жараны кайсыл өлкөдө, кайсыл жерде жүрбөсүн, Кыргыз мамлекетинин ажырагыс бөлүгү болуп кала берет. Ар бир кыргыз кайсы мамлекеттин жарандыгын алганына карабастан, ал кыргыз элинин ажырагыс бөлүгү болуп кала берет.

Ал үчүн кыргыздар кайсы жерде жүрбөсүн, өзүнүн атамекен менен болгон байланышын үзбөш керек. Өзүнүн ким экенин унутпаш керек. Бул колдон келе турган иш.

Бүгүн жаңы технологиялар өнүккөн заманда мамлекеттик чек аралар, миңдеген километр аралыктар тоскоолдук эмес. Маңдайкы коңшуга караганда чет жерде, башка элде жүргөн туугандар, достор менен көбүрөөк тыгыз байланыштабыз.

Ушундай заманда чет жерде жүргөн кыргыздар, алардын балдары Кыргызстан менен болгон байлышын үзбөй, тескерисинче аны чыңдашы керек. Мамлекет да өз жарандарын унутпай, жардам кылыш керек. Бирок, негизги жүк диаспора лидерлеринде.

Германияга мурун келген, иштеп, отурукташып, бутка туруп калган мекендештер кийинки келгендерге кеп-кеңештери, керек болсо иш-аракеттери менен жардам бериши керек.

Кечээ студент болуп келгендер бүгүн аксакал болуп отурасыздар. Аксакалдар – сиздер Германиядагы кыргыздардын башын бириктирип, ынтымагын арттырып, бир бүтүн организм катары алып жүрүшүңүздөр керек.

Биздин балдар, неберелер чет элде туулуп, чоңойсо дагы Ала-Тоо деген жер бар, ал биздин Мекенибиз экенин, Кыргыз деген эл бар, алар биздин бир туугандар экенин унутпашы керек”, – дейт элчи.