Алтынай Ботоярованы аба майдандан тосуп алышты, – сүрөт

“Аалам периси” сынагында Кыргызстандын атынан катышкан Алтынай Ботоярова Бишкекке келди. Аны аба майдандан жакындары, күйөрмандары тосуп алышты.

Ботоярованын сулуулук сынагына кийип чыккан көйнөгү соцтармакта талкууга алынган. Анын көйнөгүндө түшүрүлгөн сүрөт аялдарга карата болгон зордук-зомбулук көйгөйү чагылдырылганы айтылган. Бирок, айрымдар муну туура эмес деп баалап, сынга алышкан. Жаралган пикирлерден соң Ботоярова соцтармак аркылуу кыргыз элинен кечирим сураган.

Эске салсак, 14-январда “Аалам сулуусу” деп 28 жаштагы АКШнын аруусу табылды. Аталган эл аралык сулуулар сынагына 84 өлкөнүн бийкечтери ат салышты.

324095384 576881830954970 4301367071300167972 n Алтынай Ботоярованы аба майдандан тосуп алышты, - сүрөт
320887313 924186178577761 92939633233541385 n Алтынай Ботоярованы аба майдандан тосуп алышты, - сүрөт