Алтынай Ботоярова “Аалам сулуусу – 2023” сынагына катышууда 

“Аалам сулуусу – 2023” эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Алтынай Ботоярова катышып жатат.

Мелдештин уюштуруучулары өлкөнүн атын туура эмес айткандары үчүн Алтынай менен Кыргызстандан кечирим сурашты.

Алтынай Ботоярова сулуулук сынагында аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы пикирин билдирди. Ал зомбулукка каршы позициясын кийген кийими аркылуу да көрсөткөн.

Кыргызстандык Алтынай Ботоярова Жаңы Орлеанда өтүп жаткан сулуулук сынагында тартылган сүрөт жана видеолор менен социалдык тармактарда бөлүшүүдө.

325161794 5978064075585777 4105928720959062016 n Алтынай Ботоярова “Аалам сулуусу – 2023” сынагына катышууда