УКТнын мүчөлөрү арматура менен сабаган экинчи жаран да ооруканада көз жумду

Буга чейин Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болгону тууралуу кабарланган. Анда бычактан алган жаракатынан улам 1993-жылы туулган Баткендин тургуну каза болгону, арматура менен сабалган 1995-жылы туулган Кара-Суунун тургуну жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү белгилүү болгон. Учурда ал дагы көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Ош ШИИБинин басма сөз кызматы, окуянын чоо-жайын айтып бул кылмышты уюштурууга шектүү катары «Женго» каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадыр Досонов кармалганын, анын кылмыштуу тобунун 3 мүчөсү изделип жатканын билдирген.

Алардын катарында 1995-жылы туулган Коргонбай уулу Эламан бар. Ал буга чейин эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону болгон.