Садыр Жапаров Эмомали Рахмонду куттуктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду.

“Сизди Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм. Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кызыкчылыгында биргелешкен аракеттерибиз менен мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын бузулбастыгын өз ара урматтоо принциптерине негизделген эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплексин мындан ары өнүктүрүүнү камсыздай алабыз деп ишенем.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин бакубаттыгы үчүн достук, ынак коңшулук жана өнөктөштүк нугунда өнүгүшү керек деп эсептейм”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурдан пайдаланып президент Садыр Жапаров президент Эмомали Рахмонго чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Тажикстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.