Кадыр Досоновдун дагы бир “спортсмен” шериги: “Бизди кармай алышпайт”

Бүтүндөй спортчулардын атын булгап, аларга көө жапкандар, криминалга кошо аралашып, алардын арам тамагын жеп, күчүн спортко эмес, адам өлтүрүүгө жумшаган “спортчулар” да жок эмес.

“Женго” каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досоновдун дагы бир “спортсмен” шериги Акылбек уулу Жеңишбек соцтармактар аркылуу ар кандай сүрөттөрдү, видео жүктөп: “бизди кармай алышпайт” деп жазып чыкты. Анын сүрөттөрүнүн алдында УКТ мүчөсү, кылмышкер Кадыр Досоновду колдогон билдирүүлөрдү көрүүгө болот.

WhatsApp Image 2023 01 14 at 10.06.38 Кадыр Досоновдун дагы бир "спортсмен" шериги: "Бизди кармай алышпайт"

13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү киши колдуу болгон. Андан соң арматура менен сабалган жаран да жандандыруу бөлүмүндө көз жумду.

Кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди. Ошондой эле, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча башкармалыгынын жана Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө “Женго” каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалган.

Анын шериктери, бул кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар 3 жаран изделүүдө. Алар:

  1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
  3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургун.
    Андан сырткары, шектүүлөр айдап жүргөн “Тайота” үлгүсүндөгү унаа дагы табылып, учурда Ош ШИИБдин убактылуу токтотуучу жайына киргизилди. Шектүүлөрдүн бири 27 жаштагы Коргонбай уулу Эламан — ММА мушкери. Ал ММА боюнча мелдештерге, анын ичинде Азия биринчилигине катышып жүргөн. Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону экени белгилүү.
    Учурда бул өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам-издөө, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
maxresdefault 15 Кадыр Досоновдун дагы бир "спортсмен" шериги: "Бизди кармай алышпайт"
WhatsApp Image 2023 01 13 at 17.25.23 1 Кадыр Досоновдун дагы бир "спортсмен" шериги: "Бизди кармай алышпайт"